БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский россиялык армия сан жагынан эселеп күчтүүлүк кыларын мойнуна алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Бүгүнкү күндө каршы тарап саны жана колдогу каражаты боюнча үч эсе, ал эми негизги багытта төрт-алты эсе күчтүүлүк кылат", — деп жазган Сырский соцтармак баракчасына.
Ал буга чейин украин армиясынын абалы кескин начарлаганына байланыштуу быйыл 15 миң робот ишке киргизилерин билдирген болчу.
Ал эми Россия Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги Валерий Герасимов Украина армиясы жаз жана жай айларында россиялык чабуулду солгундатууга аракет кылып, абдан чоң жоготууга учураганын маалымдаган. Айтымында, азыр стратегиялык артыкчылык Россия тарапта.
Өткөн айдын орто ченинде 2022-жылдын февралынан тарта Украина 1,7 миллион аскер адамынан ажыраганы тууралуу билдирүүлөр тараган.