Токмокто мотоциклчен киши бир бүлөнү сүзүп, 10 айлык бөбөк чарчап калды

Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Токмокто мотоцикл айдаган киши бир бүлөнү сүзүп, алардын 10 айлык наристеси чарчап калды. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Кырсык 7-сентябрь түнү 23:30дар чамасында Токмок шаарындагы Ленин көчөсүндө болгон. Милициянын маалыматына караганда, "Эндуро" үлгүсүндөгү мотоциклдин 23 жаштагы айдоочусу жолдон өтүп бара жаткандарды сүзгөн.
Кырсыктан жабыркаган 21 жаштагы жубайлардын экөө тең ооруканага жеткирилген. Келин жандандыруу бөлүмүндө. Алардын 10 айлык кызы кырсык болгон жерде чарчап калганы айтылат.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлүп жатканы менен жол кырсыктары азайбай жатканын белгилеген.
Кара-Балтада бөбөктү сүзүп кеткен келин 6 жылга кесилди