Радио

Мамытов: батир, мал алгандан башка да инвестициялык мүмкүнчүлүктөр бар

Жусуп Абдрахманов атындагы Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов кыргызстандыктар учурда каражатын кандай ыкма менен сактап, көбөйтө аларына токтолду.
Sputnik
Бизде инвестициялоонун элге сиңген туруктуу эки түрү бар. Бул көбүнесе ири көлөмдөгү ашыкча каражаты жок, бирок турмуш-тиричилигинен арттырган бир аз акчасын көбөйтүүнү каалагандар колдонгон ыкмалар — батир алып ижарага берүү жана мал алып коюу. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда санариптик инвестицияларга басым жасоо керек.
"Албетте, акчаны сарамжалдуу колдонуп, өзүнө каржылык таяныч даярдоону ар бир кыргызстандык каалайт. Бирок биздин коом бул багытта билимге муктаж. Маалымат жана элдин да тажрыйбасы, билими азыраак болгондуктан пассивдүү кирешенин жаңы ыкмалары анчейин элге тарабай келет. Баягы эле акчасы көбүрөөктөрү үй алып ижарага беришет же мал алып, аны көбөйтүүгө далалаттанышат. Бул эки ыкма тең, албетте, туура, бирок учурда башка да ыкмалар бар. Мисалы, батир алып, аны ижарага берип, салыгын төлөп, адептүү ижарачыларды табуу менен алек болууга караганда, ошол акчаны санарип багыттагы инвестицияларга жумшаган алда канча тынч жана кирешелүү болмок. Ооба, эл негизинен "алданып калбаймбы" деп чочулайт, ошондуктан коомдун каржылык билимин жогорулатып, маданиятын өзгөртүшүбүз зарыл", — деди Мамытов.
Экономист пассивдүү кирешенин бир нече түрүн санады.
"Мисалы, ошол эле баалуу кагаздар. Финансы министрлиги жыл сайын чыгарат, банктагы депозиттерге караганда пайыздык коюму да жогору. Бирок муну көбүнчө ар кандай компаниялар сатып алып эле карапайым калктын маалыматы аз. Мындан сырткары, бизде түрдүү ишканалардын акциялары бар. Фондулук биржа иштейт. Азыр интернеттин заманы, чет элдик биржалардын мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланса болот. Өзүбүздүн эле алтын куймаларын алып сактай башташты, бул да ишенимдүү киреше алып келүүчү ыкма", — деди ал.