БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Бишкек филиалында коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматта аталган ишкананын каттоо бөлүмүнүн мамлекеттик каттоочулары М.Ф.М жана К.В.В материалдык пайда көрүү максатында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кыймылсыз мүлктү каттоо жана кайра каттоо боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга шектелип жатканы белгиленген.
"Кардарларды электрондук кезектен тышкары тейлеп, ал үчүн 2 000 сомдон 10 000 сомго чейин акчалай сыйлыктарды алышкан", — деп айтылат маалыматта.
Шектүүлөр атайын кызматтын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. УКМК "Кадастр" ишканасында эл көп болуп, узун кезек жаралып, андагы башаламан абалга бийликти көңүл бурууга чакырган билдирүүлөр көп түшкөнүн кошумчалаган.