Иерусалимде автобустагы эки кишинин огунан 5 киши каза таап, 15и жаракат алды

Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бүгүн эртең менен Иерусалим шаарында автобуска түшкөн эки киши ок чыгарып, натыйжада беш киши каза тапканын Израилдин Тез жардам кызматына таянуу менен РИА Новости жазды.
Маалыматта окуя Игаль Ядин көчөсүндөгү Рамот кесилишинде болгону айтылат. Октон дагы 15тей киши жабыркаган, анын жетөө оор абалда.
Израиль полициясы окуяны теракт деп квалификациялай турганын билдирди.
ЖМКлар ок чыгаргандар ошол жерде жок кылынганын жазышууда.
Пакистанда темир жол бекетинде теракт болуп, 24 адам каза тапты