БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Акыркы он жыл ичинде Кыргызстанды байырлаган ак илбирстин саны 511ге жетип, дээрлик эки эсе көбөйдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин бөлүм башчысы Эркинбек Мамаев "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.
Ал акыркы үч жылда илбирске карата браконьерлик фактылар катталбаганын, бул айып пулдун жогорулашынан улам болушу мүмкүн экенин боолголоду. Мындай мехнизм бул жаныбарлардын көбөйүшүнө таасир эткенин белгиледи.
"2024-жылдагы акыркы эсеп боюнча, илбирстин саны 511ге жеткен. 2013-жылдагы санакта 282 баш эле", — деди Мамаев.
Анын айтымында, ак илбирстердин басымдуу көпчүлүгү Ысык-Көлдүн Сырт өрөөнүндө кездешет. Мониторинг министрлик тарабынан фотокапкандын жардамы менен жана жергиликтүү жарандардан сурамжылоо аркылуу жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы №384 токтому менен ак илбирсти аткандарга 2 миллион сом айып салынат.