Министрлик: Бишкекте студенттер 1-октябрга чейин онлайн окуйт деген кабар — фейк

Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бишкекте студенттер 1-октябрга чейин онлайн окуйт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги кабарлады.
Ведомство ЖОЖдордогу аралыктан окуу 15-сентябрга чейин гана болорун эскертти.
Студенттер борбор калаада эл аралык иш-чаралар өткөнүнө, шаардагы жолдор оңдолуп жатканына байланыштуу сентябрдын ортосуна чейин аралыктан окушмак.
Жалал-Абад шаарындагы ЖОЖдордон 2 606 студент окуудан чыгарылды