Бишкекте "Блокада жаңырыгы" акциясы окуучулардын катышуусунда өттү. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бишкекте 1941-жылдын 8-сентябры — Ленинград блокадасынын башталган күнүнө карата "Блокада жаңырыгы" акциясы өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Мугалимдер менен окуучулар Ыйык Владимир князынын мектебине, "Российская газета" басылмасынын Борбор Азия боюнча аймактык өкүлчүлүгүнө жана №60 орто мектепке барышты. Окуучулар ар бир аялдамада согуш жөнүндө ырларды жана Даниил Гранин менен Алесь Адамовичтин "Курчоодогу китеп" чыгармасынан үзүндүлөрдү окушту. Балдар ошондой эле блокадачыларга ыраазычылык каттарын жазышты.
1 / 5

Бишкекте 1941-жылдын 8-сентябры — Ленинград блокадасынын башталган күнүнө карата "Блокада жаңырыгы" акциясы өттү

2 / 5

Мугалимдер менен окуучулар Ыйык Владимир князынын мектебине, "Российская газета" басылмасынын Борбор Азия боюнча аймактык өкүлчүлүгүнө жана №60 орто мектепке барышты

3 / 5

Окуучулар ар бир аялдамада согуш жөнүндө ырларды жана Даниил Гранин менен Алесь Адамовичтин "Курчоодогу китеп" чыгармасынан үзүндүлөрдү окушту

4 / 5

Балдар ошондой эле блокадачыларга ыраазычылык каттарын жазышты

5 / 5

Акция Даниил Граниндин мурасын сактоо жана жайылтуу фондунун демилгесинин алкагында өттү

Акция Даниил Граниндин мурасын сактоо жана жайылтуу фондунун демилгесинин алкагында өттү.
"Блокада жаңырыгы" эрдиктин жана эскерүүнүн символу болгон Ленинградды, тарых сакталган Юграны жана блокададагы Ленинграддан келген балдарды кабыл алып, өз жоокерлерин Невскийге жөнөткөн Фрунзе шаарын бириктирди. Акция совет элинин эрдиги менен кайраттуулугун эскерткен иш-чара болуп калат", — деп айтылат маалыматта.
Сөөгү Беларуста калган жоокердин чөбөрөсү бабасынын жайына топурак алып барды