Өлкөдө карапайым калктын инвестициялоо кыймылдары өтө жөнөкөй бойдон калууда. Көпчүлүгү тапкан акчасын кобөйтүү максатында мал туягын арбытып же акчалуулары шаардан батир алып ижарага берип, пассивдүү кирешеге чыкканга умтулушат. Бирок экономисттер кыргызстандыктардын акчасы көбөйүп калганын айтып, эл үчүн жаңы, заманбап инвестициялык программалар зарыл болуп турганын белгилешет. Банктарга депозитке акча коюуда мурда кепилдик суммасы 200 000 сом болсо, учурда 1000 000 сомго жетти. Ошентсе да бул тармак кыргызстандыктар үчүн анчалык популярдуулукка ээ эмес. Мындан сырткары, Каржы министрлиги элге атайын баалуу кагаздарды сатып алса болорун эскертишет. Баалуу кагаздар, облигациялар, акциялар жана санариптик депозиттер да кыргызстандыктар үчүн учурда кенен жайыла элек. Биз бүгүнкү "Экономикалык панорама” уктуруусунун алкагында мына ушул теманы талкууладык.