ЕАЭБдин бирдиктүү товар биржасы Кыргызстанга эмне берет?

Sputnik
Евразиялык экономикалык биримдик жалпы бирдиктүү товардык биржа түзүүб оюнча чоң кадам жасоодо. Бул демилге мүчө өлкөлөр ортосундагы сооданы жеңилдетип, товарлар ачык жана калыс баада сатылышын камсыз кылат. Кыргызстан үчүн бул — өз өндүрүмүн кеңири рынокко чыгарууга жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө чоң шарт болот. Ишкерлерге болсо туруктуу суроо-талап түзүп, баанын ачык-айкын болушуна жардам берет. Бирок мындай платформага кошулуу үчүн өлкө техникалык, укуктук жана логистикалык жактан даяр болушу керек.
Бул тууралуу "Ачык кеп" программасынын алкагында Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБ координациялоо башкармалыгынын интеграцияны өнүктүрүү секторунун башчысы Каниет Насирдинов менен Кыргыз фондулук биржасынын вице-президенти Мыктыбек Абиров кеп кылышты.