Мектеп жашындагы балдарда сүйлөө мүчүлүштүктөрү көп кездешет. Бул — тыбыштарды бурмалап сүйлөө, кекечтик, сөздөрдү туура эмес колдонуу, окуу жана жазууда кыйналуу сыяктуу көйгөйлөр. Мындай мүчүлүштүктөр балага окууда, коомдо өзүн эркин алып жүрүүдө тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Көп учурда ата-эне же мугалим бул көйгөйлөрдү кеч байкап, убакытты өткөрүп жиберет. Ал эми эрте аныкталган логопедиялык көйгөйлөр ийгиликтүү оңдолушу мүмкүн.
Маектин жүрүшүндө логопед-дефектолог Ракыя Жеңишбек кызы логопедиялык көйгөйлөрдүн негизги түрлөрү, себептери жана кесепеттери тууралуу айтып берет. Ошондой эле балага жардам берүүнүн эффективдүү жолдору менен бөлүшөт. Ата-энелер жана мугалимдер үчүн практикалык кеңештер берилет.