Чечилбеген маселе болбошу керек — Кыргыз-казак экономикалык байланышы кандай өнүгүүдө?

Sputnik
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетти. Сапардын алкагында Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин VII жыйыны жана башка иш-чаралар болуп өттү. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода, инвестиция, коопсуздук, билим берүү, маданий байланыштар кандай өнүгүп жатканын Дипломат, эл аралык мамилелер боюнча эксперт, профессор Кубанычбек Чекиров кеп кылды.