БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын аталышын Манас деп өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Аны Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттиги даярдаган.
"Мыйзам долбоору улуттук идеологияны чыңдоого, элдик баатыр, кыргыз элин ар кандай чабуулдардан сактаган Айкѳл Манас атанын атын Жалал-Абад шаарына ыйгарууга багытталган. Шаардын аталышын ѳзгѳртүүгө шаар тургундарынын кайрылуусу негиз болду. Шаардагы ѳзгѳрүүлѳрдү эске алуу менен келечектеги муунга үлгү катары сунуш иштелип чыкты", — деп жазылган долбоордун негиздемесинде.
Мыйзам долбоору шаар тургундарынын демилгесинин негизинде даярдалып, жергиликтүү кеңеш жактырган. Ошондой эле президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана минкабдын алдындагы комиссия колдоого алган.