Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Окопто жашырынып... Украина офицери Донбасстагы абалды ачыктады

Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Донецкидеги Украина Куралдуу күчтөрү жеке курам жаатында чоң көйгөйгө тушукту. Бул тууралуу Донбасстагы чабуул коюучу бригаданын офицери Le Figaro басылмасына комментарий берип жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Жөө аскер деген жок калды. Азыр коргонуу сызыгы деген да жок, болгону бири-биринен 100-200 метр аралыкта турган эки-үч жоокер бар", — деген ал.
Офицер украиналык аскерлер бир жерде айлап туруп калып жатканын белгилеген. Анын айтымында, жарадарлар да эвакуацияланбай жатат.
"Биз аларга тамак-аш менен сууну дрон менен жеткирип жатабыз. Ушинтип окопто жашырынып, эптеп күн кечирип жатышат. Жаракат алгандарды деле алмаштырайын деген киши жок", — деген ал.
Эскерте кетсек, буга чейин "Тангаж" аттуу учкучсуз аппараттын улук оператору ДЭРдеги Константиновканын жанында жайгашкан Иванополья районундагы украиналык согушкерлерди тийиштүү курал-жарак, тамак-аш менен камсыздаган трасса "Южный" тобунун FPV-дрондору менен артиллериянын чабуулунан кийин жараксыз абалга келгенин айтып берген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш басылмалары Россиянын Украинадагы үстөмдүгүнүн себебин атады