Залкарды эскерип... Турдакун Усубалиевдин сүрөттө калган элеси

Sputnik
24 жыл үзгүлтүксүз Кыргызстан КП БКсынын 1-катчылыгын аркалаган инсан, коомдук, саясий ишмер Турдакун Усубалиев кыргыздын легендага айланган жетекчилеринин бири. Бүгүн бул залкар дүйнө салган күн. 10 жыл мурда эл урматтап акыркы сапарга узаткан.
Турдакун Усубалиевди эскерип, сүрөттө калган ирмемдерин жарыялайбыз.
1 / 13

Турдакун Усубалиев дээрлик чейрек кылым Кыргызстанды жетектеди

2 / 13

Эки залкар. Турдакун Усубалиев менен жазуучу Чыңгыз Айтматов. Бул үлкөндөр эмнени сүйлөшүп жатты экен...

3 / 13

Бир доордун дөө-шаалары. Турдакун Усубалиев адабияттын алптары менен. Сүрөттөн акын Темиркул Үмөталиевди, жазуучу Чыңгыз Айтматовду, акын жана жазуучу Аалы Токомбаевди, дагы бир катар инсандарды көрүүгө болот.

4 / 13

Ыраазы болуп турган "биринчи" маданий чөйрөнүн өкүлдөрү менен. Бүткүл союздук IX кинофестивалдын Кыргыз ССРине келген коноктору. Сүрөттөн ошол доордогу театр жана кино өнөрүнүн мыктыларын көрүп турабыз.

5 / 13

"Эл арасында" сериясынан. Турдакун Усубалиев жеңил өнөр жай кызматкерлери менен жолугуп, иштин жүрүшү менен танышууда.

6 / 13

"Эл арасында" сериясынан: жаңы базарда. Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы Турдакун Усубалиев соода жайынын ачылышына катышты.

7 / 13

СССРди жетектеп турган Никита Хрущёв кымыз ичип жатат. Жанында — Т.Усубалиев. Фрунзе шаары, 1964-жыл.

8 / 13

Усубалиев СССРдин 60 жылдыгына карата өтмө Кызыл тууну тапшырып жатат

9 / 13

Кыргыз ССРинин башчысы Усубалиев Алай районундагы чек арачылар менен жолуккан учурлардан бир ирмем. Алай району, 1978-жыл.

10 / 13

Т. Усубалиев баштаган Кыргыз ССРинин жетекчилери Күрп-Сай ГЭСинин курулушунда. Ош облусу, 1981-жыл.

11 / 13

Мамлекеттик ишмер Т.Усубалиев небереси Эсен менен. 1979-жыл. Ошол кездеги бул бөбөк азыр Кыргызстандагы белгилүү аналитиктердин бири.

12 / 13

Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган Турдакун Усубалиевге БШК төрагасы мандатын тапшырып жатат

13 / 13

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиев 2015-жылы 6-сентябрда 96 жашында дүйнө салган

Теги: