Заман өзгөрөт, мезгил алмашат. Адамдар дүйнөдөн өтөт, бирок кылган эмгек ошол инсандын артында айтылып кала берет. "Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин" демекчи, бүгүн "ак таажычан падыша" Турдакун Усубалиевди эскерели деп турабыз.
Турдакун Усубалиевдин жашоосунун айрым фактылары узак мезгилге чейин белгилүү себептерден улам элге шардана болбой келген. "Ак таажычан падышанын" жазылган мемуарларынан окурмандарга айтып беребиз.
Мугалимдиктен 1-катчылыкка чейинки жол. Турдакун Усубалиев 1919-жылы 6-ноябрда Кочкор районундагы Кочкор кыштагында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1941-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүрүп, Кочкордогу орто мектепте, партиянын Кочкор райкомунда, Кыргызстан Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин аппаратында иштеген. Согуш жылдары аны мамлекет фронтко жөнөтпөй койгондуктан Компартиянын Борбордук комитетинин алдындагы Жогорку партиялык мектептин угуучусу болгон.
Андан соң он жыл бою Москвада жооптуу кызматтарды аркалаган. 1955-1957-жылдары "Советтик Кыргызстан" гезитинин жооптуу редактору, Кыргызстан Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин бөлүм башчысы болуп эмгектенген.
1958-жылы партиянын Фрунзе шаардык комитетинин биринчи катчысы болуп, азыркыча айтканда, калаа башчысы болгон.
Турдакун Усубалиев жетекчилердин бүтүндөй бир муунун да тарбиялап чыгарды. Архивдик сүрөт
© Фото / из семейного архива Дуйшеевых
Көсөмдүк. Усубалиевдин кесипкөй, арканды алыска таштай билгендигинен улам өлкө сакталып калган. 1960-жылдары өлкө ошондо ыкчам ыргакта өнүгүп жаткан кез эле. Курула турган жаңы заводдорго электр кубатынын булагын табуу маселеси туулган.
Кара түтүндүн кесепетин алдын ала көрө билген. Бийлик Нарын облусуна жогорку кубаттуулуктагы Жылуулук электр борборун курууну чечкен, ал көмүр менен иштеп, Кыргызстандын түндүгүн тегиз электр жарыгы менен камсыздамак. Кыргыз инженерлеринин бул демилгеси Москвага да майдай жагып, ал тургай, долбоорду иштеп чыга башташкан. Бирок ошондо тек гана Компартиянын Борбордук комитетинин жаңы дайындалган төрагасы Турдакун Усубалиев каршы чыккан.
Кубаттуу ЖЭБде жагылган көмүрдүн кара түтүнү Нарын, Чүй, ал тургай, Ысык-Көл облустарынын да абасын булгай турганын ал түшүнгөн. Анын келтирген жүйөлөрүнөн улам ошол демилгеден баш тартылып, ордуна экологиялык Токтогул ГЭСи курулган.
Фронтко албай коюшкан. Улуу Ата Мекендик согуш башталган маалда Усубалиев 22 жашта экен. Фронтко барууга бир нече жолу суранат, бирок жөндөмдүү жигитти москвадагылар кадрдык партиялык кызматкер катары калтырат. Балким, бул жашоонун берген шыбагасы болгондур... Антпесе, кан майданда канчалаган мекендештерден айрылдык.
Эл бапшында чейрек кылым туруу — оңой эмес мөөнөт. Ал республиканы тескеп турган мезгилде Москванын өзүндө Хрущев, Брежнев, Черненко, Андропов жана Горбачев, жалпы беш лидер алмашкан. . Архивдик сүрөт
Суу менен элдин "ташкыны". Усубалиев Кыргызстандын борборун суу каптоодон куткарган. 1959-жылы баш калаада кырсык болуп, Аламүдүн дайрасынын плотинасы жырылат. Суу шаарды каптай баштайт. Аянтка турак жайсыз калган миңдеген эл чогулат. Компартиянын Фрунзе шаардык комитетинин биринчи катчысы Усубалиевдин жетекчилиги алдында калаа тургундарына баш калкалар үйлөр табылып, пайызсыз ссудалар берилип, курулуш материалдарынан да көмөк көрсөтүшкөн.
"Биздин прораб". Дал ушул кишинин тушунда Фрунзе (Бишкек) чыныгы борбор калаага айланган. 60-жылдарга дейре Фрунзенин көрүнүшү чоң кыштактай эле болчу. Турдакун Усубалиев бийликке келгенде гана баш калааны жакшыртуу иши колго алынат. Москвадан бул максатта ири суммадагы каражат бөлүнгөн. Дал ошол чакта шаардын чок ортосу ак мрамор "кийген". Филармония, Тарых музейи, "Ала-Тоо", "Жеңиш" аянттары борбордогу жер өтмөктөрү дал ушул даңазалуу саясатчынын тушунда пайда болгон. Шаардыктар аны "Биздин прораб" деп атап коюшар эле.
Ак үйдү өзгөчө курган. Турдакун Усубалиев архитекторлорду бир нече ирет Ак үйдүн сыртын өзгөртүүгө аргасыз кылган. Башта Ак үйдүн архитекторлору имараттын астанасын айнектен жасашмак, бирок Усубалиев каалга, дубалдардын тунук болушуна каршы экенин айткан. Натыйжада алардын ордуна чакан терезелери жана оор каалгалары бар граниттен порталдар тургузулган.
Усубалиев бийликке келгенде гана баш калааны жакшыртуу иши колго алынат. Дал ошол чакта шаардын чок ортосу ак мрамор "кийген". Филармония, Тарых музейи, "Ала-Тоо", "Жеңиш" аянттары борбордогу жер өтмөктөрү дал ушул даңазалуу саясатчынын тушунда пайда болгон.. Архивдик сүрөт
© Предоставлено Центральным Госархивом КР
Өндүрүштү гүлдөткөн. Усубалиевдин убагында Кыргызстанда жаңы завод, фабрикалар салынган. Өлкөдө ар бир жарым айда улам жаңы өндүрүш объектиси ишке кирип турган. Кезегинде бизде тамга терген техникалар, кир жуучу машина, автосамосвал, радиаторлор, айыл чарбасына керектүү абдан сапаттуу техникалар чыгарылчу.
Турдакун Усубалиев 25 жылдай журт башкарган. Кыргыз ССР Компартиясынын Борбордук комитетин чейрек кылым жетектөө — оңой эмес мөөнөт. Ал республиканы тескеп турган мезгилде Москванын өзүндө Хрущев, Брежнев, Черненко, Андропов жана Горбачев, жалпы беш лидер алмашкан.
"Биринчи" бийликтин ээрден түшөрү менен сынга кабылган.Турдакун Усубалиев Компартиянын Борбордук комитетинин биринчи катчылык кызматын тапшыргандан бир нече ай өтүп-өтпөй аны сындап киришкен. "Докладда мен жөнүндө бир жылуу сөз камтылмак тургай, партиянын жана элдин душманы катары көрсөтүлүпмүн" – деген Турдакун Усубалиев Компартиянын кезектеги 18-съездинде окулган доклад туурасында.
Эски аянт "биринчинин" атында. Азыр өзү ири-ири объектилерди курган Фрунзе, кийин Бишкек деп аталган борбор калаадагы Турдакун Усубалиевдин ысымы берилген эски аянтка Ак үйгө канатташ жайгашкан.
кылымга чукул жашады. Мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиев 2015-жылы 6-сентябрда 96 жашында дүйнө салган
кылымга чукул жашады. Мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиев 2015-жылы 6-сентябрда 96 жашында дүйнө салган
Макаланын соңунда экс-депутат, жазуучу, акын, публицист Каныбек Иманалиевдин айткандарын пайдаланууну эп көрдүк.
"Усубалиевдин күчтүүлүгү жана элинин астында абийиринин таза экендиги болчу. Балким, бул инсандын ишмердигинде деле майда-чүйдө мүчүлүштүктөр болгон чыгар. Бирок мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбеген кайсы бир кемчилиги документ же далил түрүндө болсо, эмдигиче табылары айгине эмеспи. Анткени ал мамлекеттик гана кызыкчылыкты туу тутуп дүнүйөкорлук оорусуна азгырылган эмес. Ак сүйлөп, адилет бийлик жүргүзүп, адал жүрүү ар кимдин колунан келе бербейт. Бул Усубалиевдин эң зор көөнөрбөс капиталы", — дептир калемгер Иманалиев.