Ош мэри курулуш компанияларынан жолдорго асфальт төшөп берүүнү талап кылды

Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Ош мэри Жеңишбек Токторбаев курулуш компаниялары менен объектисинин айланасындагы бузулган жолдорго асфальт төшөп берүү боюнча сүйлөшүүнү тапшырды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Анын айтымында, компаниялар курулуш учурунда коммуникациялык түйүндөрдү өткөрүп, жүк ташуучу унаалар менен калдыктарды чыгарып, жолдорду талкалашарын айткан.
"Пайда таап, жалпы элдин жолун пайдаланып жаткан соң бузуп таштап койбой, оңдоп берүүгө милдеттүү", — деген Токторбаев.
Муниципалитеттен учурда компаниялардын бири жолду өз эсебинен оңдоого макул болгонун, калгандары да буга милдеттүү экенин белгилешти.
Жалал-Абад шаарынын аталышын Манас деп өзгөртүү. Мыйзам долбоору талкууга чыкты