Көк бөрү оюнунда "Достук" командасы Жогорку лиганын чемпиону болду. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Көк бөрү боюнча турнирде "Достук" командасы "Ынтымакты" жеңип, Жогорку лиганын чемпиону болду.
Финалда негизги убакыт 4:4 эсеби менен аяктады. Кошумча убакытта Кубаныч Султан уулу "алтын салым" таштап, "Достукка" чемпиондукту алып берди. Бул оюнда ал төртүнчү улакты салып, турнирдин мыкты оюнчусу деп да табылды.
Ал эми "Намыс" командасы "Шахтёрду" жеңип, үчүнчү орунду ээледи.
Эске салсак, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча президенттин кубогу Чолпон-Ата шаарында өттү.
Көк бөрү оюну убактылуу тыныгуудан кийин кайрадан жанданат