Кыргызстан менен Россия өкмөт башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу РФ өкмөтүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, өкмөт башчылары Россия менен Кыргызстандын соода-экономикалык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Айрыкча өнөр жай, энергетика, транспорттук инфраструктура, санариптик экономика жана башка тармактардагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурулганы айтылды.
Касымалиев менен Мишустин ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык кызматташууну да кеп кылышты.
ЕАЭБ менен АСЕАНдын ортосундагы товар жүгүртүү 27,2 млрд. долларга өстү