8-сентябрга карата аба ырайы

8-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз республика аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 26…31, Талас өрөөнүндө 24…29, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында 29…34, Ысык-Көл жеринде 23…28, Нарын облусунда 24…29 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 28…30, Ош шаарында 31…33 градусту көрсөтөт.
Жалал-Абад шаарынын аталышын Манас деп өзгөртүү. Мыйзам долбоору талкууга чыкты