Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Министрлер кабинети Улуттук комиссиянын ишмердүүлүгүн жогорулатуу жана натыйжалуулугун арттыруу максатында бир катар токтомдорго өзгөртүүлөрдү киргизди. Жаңы чечимге ылайык, комиссиянын курамында эми 72 штаттык бирдик болот, анын ичинен: 24 кызмат орду — борбордук аппарат үчүн 48 кызмат орду — аймактык бөлүмдөр үчүн бөлүнөт Ошондой эле мамлекеттик кызматчы статусуна ээ болбогон, бирок мамлекеттик органдарда жана мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгек акы төлөө тартиби кайра каралды. Бул документ 10 күндөн кийин күчүнө кирет. Белгилей кетсек, бул кадам мамлекеттик тил саясатын сапаттуу ишке ашырууга жана кадрдык ресурстарды туура пайдаланууга багытталган
2026-жылдын 1-январынан баштап бийик тоолуу, жетүүгө кыйын аймактардын тургундарынын балдарына ай сайын жөлөк пул берилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Жөлөк пул өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймагындагыларга да берилет. Тагыраагы, мындай жерде жашаган үй-бүлөнүн үчүнчү жана андан кийин төрөлгөн баласына 3 жашка чыкканга чейин ай сайын жөлөк пул төлөнөт. Анын өлчөмүн 3000 сом деп белгилөө сунушталууда. "Жөлөк пул үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан жана райондук коэффициентти эске албастан дайындалат. Каражат алуунун негизги шарты — үй-бүлө бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын райондордо жашашы керек", — деп айтылат маалыматта. Эмгек министрлиги бул мыйзамды ишке ашыруу үчүн ченемдик-укуктук актынын долбоорун даярдаган. Ал президенттин администрациясына кароого жөнөтүлдү.
3 күндө Ысык-Көлдөн 15 100 метр тор чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалымдалгандай, тазалоо иштери 5-6-7-сентябрь күндөрү өтүп, анда суучулдар көлдүн Түп районунун Күрмөнтү айылынан баштап Өрүктү айылына чейинки аянтын тазалашкан. Ысык-Көлдү мыйзамсыз салынган торлордон тазалоо иштерине жалпы 30 суучул тынымсыз иш алып барууда.
X Чыгыш экономикалык форумунда баш-аягы 6 триллион 51 миллиард рубль сумманы түзгөн 353 келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Ррссия президентинин кеңешчиси, аталган форумдун уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы Антон Кобяков билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, жогоруда көрсөтүлгөн суммага коммерциялык купуялуулук камтылган келишимдер кирген жок. "Коммерциялык сыр катары сакталган макулдашууларды эске албаганда жалпы суммасы 6 триллион 51 миллиард рублди чапчыган 353 келишимге кол коюлду", — деген Кобяков бул иш-чаранын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйында. Владивостоктогу форумга 75 өлкө менен аймактардан 8 400 адам келгенин, делегация мүчөлөрүнүн саны боюнча Кытай, Монголия, Индия, Япония жана Лаос алдыга чыкканын кошумчалаган. Эске салсак, Чыгыш экономикалык форуму 3-сентябрдан 6-сентябрга чейин Владивостоктогу Ырааккы Чыгыш федералдык университетинин кампусунда өттү. Иш-чаранын быйылкы жылдагы урааны "Ырааккы Чыгыш — тынчтык жана гүлдөп-өсүү үчүн кызматташтык" деп аталды.