Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Жалал-Абад шаарынын аталышын Манас деп өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Аны Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттиги даярдаган. "Мыйзам долбоору улуттук идеологияны чыңдоого, элдик баатыр, кыргыз элин ар кандай чабуулдардан сактаган Айкѳл Манас атанын атын Жалал-Абад шаарына ыйгарууга багытталган. Шаардын аталышын ѳзгѳртүүгө шаар тургундарынын кайрылуусу негиз болду. Шаардагы ѳзгѳрүүлѳрдү эске алуу менен келечектеги муунга үлгү катары сунуш иштелип чыкты", — деп жазылган долбоордун негиздемесинде. Мыйзам долбоору шаар тургундарынын демилгесинин негизинде даярдалып, жергиликтүү кеңеш жактырган. Ошондой эле президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана минкабдын алдындагы комиссия колдоого алган.
Бишкекте жаңы мал базар иштей баштагандыгын Айыл чарба министрлиги маалымдады. "Алтын казык" деп аталган базар Бишкектин Маевка тарабында жайгашкан. Мекемеден базар заманбап талаптарга ылайык курулганын, аймакта ветеринардык пункт, изолятор, намазкана, ашкана, касапкана бар экенин билдиришти. Касапканада суткасына 200 бодо, 300 майда мал сойсо болот. Жалпы аянты төрт гектарды түзүп, 2000ге чукул мал үчүн үстү жабылган орун даярдалган. Аны курууга жалпы 200 миллион сомдон ашык акча жумшалганы айтылды.Эми шаардагы "Жантай", "Пригородное", "Старый толчок" "Нарбото" мал базарлары ушул жерге көчүрүлмөкчү. Ошондой эле талапка жооп бербеген жыйырмадай мал союучу жайлардын жабылары айтылды.
X Чыгыш экономикалык форумунда баш-аягы 6 триллион 51 миллиард рубль сумманы түзгөн 353 келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Ррссия президентинин кеңешчиси, аталган форумдун уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы Антон Кобяков билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, жогоруда көрсөтүлгөн суммага коммерциялык купуялуулук камтылган келишимдер кирген жок. "Коммерциялык сыр катары сакталган макулдашууларды эске албаганда жалпы суммасы6 триллион 51 миллиард рублди чапчыган 353 келишимге кол коюлду", — деген Кобяков бул иш-чаранын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйында. Владивостоктогу форумга 75 өлкө менен аймактардан 8 400 адам келгенин, делегация мүчөлөрүнүн саны боюнча Кытай, Монголия, Индия, Япония жана Лаос алдыга чыкканын кошумчалаган. Эске салсак, Чыгыш экономикалык форуму 3-сентябрдан 6-сентябрга чейин Владивостоктогу Ырааккы Чыгыш федералдык университетинин кампусунда өттү. Иш-чаранын быйылкы жылдагы урааны "Ырааккы Чыгыш — тынчтык жана гүлдөп-өсүү үчүн кызматташтык" деп аталды.
АКШнын лидери Дональд Трамп Венесуэла президенти Николас Мадуронун бийлигин алсыратуу үчүн Венесуэланын аймагына сокку уруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу CNN телеканалына таянып РИА Новости жазды. "Трамп Венесуэлада баңгизат соодасы менен алектенгендерге каршы чабуул жасоонун бир нече түрүн ойлонуштуруп жатат. Анын ичинде президент Мадурону алсыратуу боюнча өлкөнүн ичиндеги буталарга сокку урууну да кароодо", — деп жазган басылма. Телеканалдын ишенимдүү маалымат булактарынын айтымында, азырынча акыркы чечим кабыл алына элек. Анткен менен Мадурону кызматтан кетүүгө мажбурлоо максатында Венесуэланын аймагына сокку урулушу ыктымал.