БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Өлкөдө альтернативдүү аскердик кызмат өтөө үчүн төлөмдөр жогорулашы мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоорун Коргоо министрлиги демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды.
Ведомствонун маалыматына караганда, өлкөдө альтернативдүү кызмат 1993-жылы киргизилген. Ал аскердик кызматтын ордуна жарандардын диний ишенимине, саламаттыгына, үй-бүлөлүк абалына же коомдук пайдалуу иштерди аткаруу каалоосуна жараша берилет.
Учурда төлөмдөр төмөнкүдөй:
18 миң сом — үй-бүлөлүк жагдайы боюнча чакырылгандар;
25 миң сом — ден соолугуна байланыштуу чектөөсү барлар, диний ишенимине байланыштуу курал көтөрүүгө жана аскер кызматын өтөөгө болбогондор, коомдук пайдалуу жумуш иштөөнү каалагандар.
Статкомдун маалыматына ылайык, орточо айлык маяна 2017-жылы 14 300 сом болсо, 2024-жылы 35 791 сомго жеткен. Ушуга жараша министрлик төлөмдөрдү жогорулатууну сунуштоодо:
үй-бүлөлүк жагдайы боюнча — 25 миң сом;
ден соолугуна байланыштуу чектөөсү барлар — 40 миң сом;
диний көз караштан улам бара албагандар — 50 миң сом;
аскердик кызматты өтөбөгөн жана мобилизациялык резерв жыйынына барууну каалаган 22-40 жаштагылар — 75 миң сом;
жогорку билими бар, 30 жашка чейинки запастагы аскерге милдеттүүлөр, мобилизациялык резерв боюнча офицерликке даярдыктан өтүүнү каалагандар — 90 миң сом.
Мындан сырткары, мыйзам долбооруна ылайык, аскердик каттоо эрежесин бузгандар үчүн айып пулду 1000 сомдон 10 миң сомго чейин жогорулатуу сунушталууда.