БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Киевдеги Эгемендик аянтында аскер кызматкерлеринин буйрукту аткарбагандыгы жана аскер бөлүктөн өз алдынча кетип калгандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча чечимге каршы митинг башталды. Бул тууралуу Укрианынан "Страна.ua" басылмасы жазганын РИА Новости таратты.
"Акциянын катышуучулары аскер кызматкерлеринин укуктарын коргоо инструменти катары аскердик акыйкатчы жөнүндөгү мыйзамды кабыл алууну талап кылып, бийликти армиядагы талаптарды катаалдаштыруу тажрыйбаларынан баш тартууга чакырууда", — деп жазылат материалда.
Акциянын уюштуруучуларынын билдирүүсү боюнча, жаңы мыйзам долбоору аскерлер өз алдынча бөлүктү таштап кеткенден кийин аны жаңы бөлүктөргө которуунун натыйжалуу ыкмаларын жокко чыгарып, аларды кайра мурдагы шартка кайтууга мажбур кылат.
Украинадагы мобилизациялоо
Украинада мобилизациялоону күчөтүү жөнүндөгү мыйзам 2024-жылдын 18-майында күчүнө кирген. Мыйзам аскерге барганга милдеттүү адамдардын бардыгынын маалыматтарын жаңылоону милдеттендирет. Ал үчүн алар аскердик комиссариатка келиши же "чакырылуучунун электрондук кабинетине" катталышы керек.
Аскерге жарактуу адамга чакыруу колуна тийбесе же ал тууралуу билбесе деле кагазды алды деп саналат. Билдирүүнү ал кишинин өзүнө тапшыруу мүмкүнчүлүгү жок болсо да чакыруу кагазы ага мөөр басылган күнү тапшырылган деп эсептелинет. Аскерге милдеттүү түрдө барыш керек делген адамдар жанына аскердик билетин ала жүрүп, АЧБ (аймактык чогултуу борборлору) же полиция кызматкерлери талап кылса көрсөтүшү кажет. Ошол эле учурда мыйзамда демобилизациянын мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес.
Интернет тармактарына Украинанын аскер комиссариаттарынын кызматкерлери эркек кишилерди кыйнап кичи автобустарга салып жаткан учурдагы видеолор көп тарайт. Анын арасында уруп же күч колдонгон көрүнүштөр көп.