БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кочкор районуна жумушчу сапар менен барган УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аталган комитеттин райондогу башчысынын айрым тапшырмаларды жакшы укпай калганына ачууланып, телефонун ыргытып жиберди.
Ташиев райондук оорукананын бир нече имаратын түрттүрүп, ордуна жаңысын салуу, көрктөндүрүү боюнча тапшырма берген. Ал курулушту эртерээк баштоону талап кылып, УКМКнын райондогу башчысына кайрылган. Кызматкерин бир саамга таппай калган. Аны чакыртып, тиешелүү тапшырмаларды берип тактап сураганда, ал кызматкер жакшы укпай калганын айткан. Мындай жооптон кийин УКМК төрагасы жини келип, анын кол телефонун ыргытып жибергенин видеодон көрүүгө болот.
"Менин жанымда турганда экинчи телефон чукулабагыла. Силердин жумушту мен жасашым керекпи? Курулуш иштери тезирээк башталышы керек. Жакшыраак подрядчы тапкыла. Анан "ал келбей койду, кылбай койду, качып кетти" десеңер башыңар кетет", — деген Ташиев.
Жаңы ооруканага салууга каражат президент Садыр Жапаровдун стабилдештирүү фондунан берилери кошумчаланды.