БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Батыштын Россияны обочолонтуу аракеттери ишке ашкан жок. Мындай пикирин Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов Бишкекте уюштурулган Жакынкы өлкөлөрдө жашаган россиялык мекендештердин аймактык XII конференциясында айтты.
Конференция "Орус дүйнөсү Жеңиштин мурастарын сактайт: тарых, маданият, муундарга өткөрүп берүү" деп аталат.
Элчи мекендештердин аймактык координациялык кеңеши РФке сокку уруу максатындагы гибриддик согушка байланыштуу өтүп жатканын белгиледи.
"Бул нерселер деле Россия тууралуу терс көз караштарды калыптандыруу, чет жактагы орустардын ортосуна жик салуу аракеттери сыяктуу эле ишке ашкан жок. Россия өзүнүн жолунда бара жатат, мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана Донбасс менен Новороссиядагы орус элин коргоо үчүн атайын операцияларды ишенимдүү жүргүзүүдө", — деген ал.
Вакунов Россиянын элчилиги менен Россиянын илим жана маданият борборлору ("Русский дом") мекендештерине орус маданиятын сактап калууга өбөлгө түзүп, алардын укуктарын, кызыкчылыктарын коргой турганын белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан менен Россия стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин өнүктүрүп жатканын кошумчалады. Элчи, мындан тышкары, россиялыктардын түрдүү иш-чараларды уюштуруп жолугушуусу үчүн шарт түзгөн Кыргызстандын бийлигине ыраазылыгын билдирди.
Конференциянын катышуучулары чет өлкөдөгү россиялык жамаатты бириктирүү, тарыхый чындыкты сактоо, мекендештердин укуктарын коргоонун эл аралык укуктук негиздери, постсоветтик мейкиндикте орус тилин илгерилетүү маселелерин да талкуулайт.