ЖК депутаты: Кыргызстан менен Россиянын Улуу Жеңишти унуткарууга акысы жок

Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Россия элинин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишти унутуп коюуга акысы жок. Бул тууралуу депутат, РФ Федералдык жыйыны менен Жогорку Кеңештин ортосундагы кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиянын тең төрайымы Гуля Кожокулова айтты.
Ал Бишкекте өткөн Жакынкы мамлекеттердеги россиялык мекендештердин аймактык XII конференциясында сүйлөдү.

"Фашисттерди жеңүү — биздин жалпы жеңишибиз, биз аны эстеп, эскерип, анын баалуулугун муундан муунга өткөрүп беришибиз керек. Адамдар кылчактабай туруп өмүрүн беришкен, аны унуткарып коюуга акыбыз жок. Улуу Жеңиш — биздин элдердин биримдигинин дагы бир белгиси", — деген Кожокулова.

Депутат Жеңиш мурасын балдарга өткөндөн сабак жана келечегинин пайдубалы деп атап, тарыхты каалагандай калчабай, ага аяр мамиле жасоо керектигин белгиледи.
Кожокулованын айтымында, КМШ өлкөлөрүн бириктирген факторлор — постсоветтик мейкиндик менен орус тили. Ал Жогорку Кеңеште 90 депутат болсо, анын 57си Кыргызстан менен Россиянын парламенттер аралык достук тобунун мүчөлөрү экенин билдирди.
Вакунов: Батыштын Россияны обочолонтуу боюнча аракеттери ишке ашкан жок