БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. АКШнын лидери Дональд Трамп Венесуэла президенти Николас Мадуронун бийлигин алсыратуу үчүн Венесуэланын аймагына сокку уруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу CNN телеканалына таянып РИА Новости жазды.
"Трамп Венесуэлада баңгизат соодасы менен алектенгендерге каршы чабуул жасоонун бир нече түрүн ойлонуштуруп жатат. Анын ичинде президент Мадурону алсыратуу боюнча өлкөнүн ичиндеги буталарга сокку урууну да кароодо", — деп жазган басылма.
Телеканалдын ишенимдүү маалымат булактарынын айтымында, азырынча акыркы чечим кабыл алына элек. Анткен менен Мадурону кызматтан кетүүгө мажбурлоо максатында Венесуэланын аймагына сокку урулушу ыктымал.
Трамп өзү жума күнү администрациясында Венесуэлада бийликти алмаштыруу боюнча сөз болбогонун айткан. Ал эми Мадуро мамлекетти коргоо үчүн элдик кошуун даярдалганын жарыялаган.
Трамптын Венесуэладагы бийликти алмаштырууга кызыкчылыгы Жозеф Байдендин Кубаны террорчулукка демөөрчү болгон мамлекеттердин тизмесинен чыгаруу тууралуу чечимин Конгресске жөнөтүү ниетинен улам күч алган.