Бишкекте жаңы мал базар ачылды. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Бишкекте жаңы мал базар иштей баштагандыгын Айыл чарба министрлиги маалымдады.
"Алтын казык" деп аталган базар Бишкектин Маевка тарабында жайгашкан. Мекемеден базар заманбап талаптарга ылайык курулганын, аймакта ветеринардык пункт, изолятор, намазкана, ашкана, касапкана бар экенин билдиришти.
Касапканада суткасына 200 бодо, 300 майда мал сойсо болот. Жалпы аянты төрт гектарды түзүп, 2000ге чукул мал үчүн үстү жабылган орун даярдалган. Аны курууга жалпы 200 миллион сомдон ашык акча жумшалганы айтылды.
Эми шаардагы "Жантай", "Пригородное", "Старый толчок" "Нарбото" мал базарлары ушул жерге көчүрүлмөкчү. Ошондой эле талапка жооп бербеген жыйырмадай мал союучу жайлардын жабылары айтылды.
Министрлик уй, кой, эчки жана жылкынын экспортун чектөөнү сунуштады