Министрликтин бала бакчалардын графигине нааразы ата-энелерге жообу

Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. 2018-жылдан бери бала бакчалардын иштөө убактысы өзгөргөн жок. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлап, өзгөргөн графикке нааразы болгон ата-энелерге жооп берди.
Ата-энелердин айтымында, буга чейин Бишкектеги муниципалдык бала бакчалар саат 7:30да ачылып, саат 18:30га чейин иштечү. Кечээ мэрия май айында бекитилген мамлекеттик жаңы стандартка таянып, аталган жайлар саат 8:00дөн 18:00гө чейин иштээрин кабарлаган.
Бул жаңылыктан кийин чүпөлөрүн бакчага таштаган ата-энелер жаңы график аларга ыңгайсыз экенин, баланы алып кетүү үчүн жумуштан суранууга туура келип каларын айтышкан.
Агартуу министрлиги 2018-жылдан бери бала бакчалардын иштөө убактысы өзгөрбөгөнүн, алардын 90 пайызы 10 сааттык (8:00дөн 18:00гө чейин) режим менен иштеп келе жатканын белгиледи.

"Бала бакчанын жумуш убактысы аяктаган учурда ата-энелер алып кеткенге чейин бөбөктөрдү тарбиячылар кезек менен карап турушат", — деп жазылган түшүндүрмөдө.

Балдарды мектепке, бала бакчага негизсиз албай койгондор жазаланат