БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Бишкектин Свердлов райондук ИИБи "Ашар бирикмеси" фондунун директору, 25 жаштагы К.А. аттуу жаранды кайра кармаганын маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, ал алдамчылыкка шектелүүдө. Райондук милицияга арыз жазган адам анын фонд аркылуу 3 млн сомдук турак жайды камсыздап берем деген убада менен 183 200 сомун алып, бүгүнкү күнгө чейин убадасын аткарбай жүрөт деген.
Свердлов РИИБи ушул тапта шектүүгө карата 11 кылмыш иши козголгонун, дагы төрт иш тергөөгө чейинки текшерүүдө экенин билдирди. Ошондой эле бул кылмыш иштери боюнча жабырлануучуларга келтирилген чыгымдын суммасы 4 млн 681 200 сомду түзөрүн белгилешти.
Шектүү апрель айында дагы алдамчылыкка шектелип кармалган. Бишкек ШИИББи ал Садыр Жапаров менен анын уулунун атын жамынып шылуундук кылганын билдирген.