БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Жекшембиде өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн экенин Кыргыз гидрометеорология агенттиги таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +30...+35, Талас аймагында +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +21...+26, Нарын өрөөнүндө +23...+28 градус болот.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарында +32…+34 градуска көтөрүлөт.