БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Беларустун Лосвидо полигонунда ЖККУнун Ыкчам аракетке келүүчү жамааттык күчтөрүнүн "Кызматташуу-2025" машыгуусу өтүп, ага Кыргызстандын ички жана атайын багыттагы аскерлери катышууда. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, машыгуулардын жыйынтыктоочу этабына Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысынын милдетин аткаруучу, коргоо министринин биринчи орун басары Кумарбек Калматаев барган.
Машыгууда кыргызстандык аскерлер Беларустагы кесиптештери менен сценарийде айтылгандай дрон аркылуу чалгындоо иштерин жүргүзүп, куралдуу топтордун базалык лагерин тосоттоп, "душманды" талкалашкан.
Чабуул жасаган учактар жана артиллерия жардамга келген. Аскер кызматкерлери керектүү ресурсту тез арада жеткирип, бузулган техникаларды чыгарып, медициналык тез жардам көрсөтүп, жарадарларды эвакуациялашкан.