БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Ырааккы Чыгыш менен Сибирди өнүктүрүү — Россиянын XXI кылымда артыкчылык бере турган багыты. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Чыгыш экономикалык форумунда билдирди.
Эскерте кетсек, эл аралык иш-чара ушул мүнөттөрдө Владивосток шаарында өтүп жатат.
"Ырааккы Чыгыш менен Сибирди өнүктүрүү Россиянын 21-кылымда басым жасай турган артыкчылыктуу багыты болуп белгиленген. Бул тууралуу 2013-жылдын соңунда Федералдык кеңешке кайрылууда айтылган. Андан кийин нормативдик база түзүлүп, бизнести колдоо үчүн бир катар инструменттер иштей баштаган. Мунун ичинде Владивосток эркин портунун режимдери, Курил аралдарындагы преференциялык режимдер, Русский аралындагы атайын административдик район бар", — деди Путин форумдун пленардык жыйынында.
Х Чыгыш экономикалык форуму Ырааккы Чыгыш федералдык университетинин кампусунда өтүп жатат. Иш-чара 6-сентябрда аяктамакчы. Быйыл форум "Ырааккы Чыгыш – тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү үчүн кызматташуу" деген ураан алдында өтүп жатат.
Sputnik жыйындын жүрүшүн түз алып көрсөтүүдө. https://sputnik.kg/20250905/putindin-chygysh-ekonomikalyk-forumda-suylogonu-1096319613.html