БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. РФ лидери Владимир Путин Киев бийлиги менен сүйлөшүү темасын козгоп жатып, алар менен мунасага келүү такыр мүмкүн эместигин айтты.
Эске салсак, азыр Россия президенти Владивостокто өтүп жаткан Чыгыш экономикалык форумуна катышууда.
РФ башчысы Путиндин Украина туурасында айткандарынын негизгилери:
Украина РФ менен байланышууну суранып жатат. Мен ага макулмун, бирок мунун маанисин көрбөй турам. Себеби украин тарап менен сүйлөшүү, кепке келүү такыр эле мүмкүн эмес;
Киевдин тынчтык орнотуу үчүн сүйлөшүүгө саясий эрки жетерине ишеним жок;
Россия Украина аймагындагы бардык аскердик күчтөрдү жоюуну өзүнүн мыйзамдуу максаты деп эсептейт;
Москва РФ үчүн да, Украина үчүн да иштелип чыга турган коопсуздук кепилдигине урмат менен мамиле кылат. Анткен менен Россия үчүн мындай нерсени азыр олуттуу жана өзүнүн деңгээлинде эч ким талкуулай элек;
Россия Украина менен жолугушуу Москвада өтө турган болсо коопсуздук кепилдигин сактоого даяр. Москва шаары Россия — Украина сүйлөшүүсүн жогорку деңгээлде уюштура турган эң сонун жер;
Украинанын Баш мыйзамына ылайык, аймактар боюнча макулдашуу референдумда бекитилиши шарт. Ал үчүн аскердик абалды жокко чыгаруу керек;
Украинанын НАТОго кириши Россияга жакпайт. Аталган мамлекетти Түндүк альянска тартуу Россиянын коопсуздук боюнча кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешелүү.