Өз жанын кыйган жоокер. Чек ара кызматынын кенже сержантына иш козголду

Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Чек ара кызматынын кенже сержанты өз жанын кыюуга жеткирүүгө шектелип кылмыш иши козголду. Бул тууралуу маалымат булак кабарлады.
Эске салсак, окуя Баткен облусундагы №2022 аскер бөлүгүндө (Төрт-Гүл участкасы) болгон.
Маалымат булак билдиргендей, шектүү 2025-жылдын 2-июнунан 19-августка чейин кызматтык абалынан аша чаап, каза болгон адамга карата зомбулук көрсөтүп келген.
Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча кылмыш ишин козгоду. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кыргыз-тажик чек арасында зым тартуу иштери кандай жүрүп жатат. Видео