БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кытайга товар экспорттоо үчүн Кыргызстан Кашкарда көзөмөл кампа ачты. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев "Биринчи радиодогу" маегинде билдирди.
Анын айтымында, эми өлкөдө өндүрүлгөн товарлар ошол кампада сертификацияланат.
"Учурда 12 продукцияны Кытайга түз экспорттосок болот. Ошол кампадан сертификацияланып, анан сатылат", — деди Кулубаев.
Ал мындай иштердин бардыгы буга чейин кол коюлган документтердин негизинде ишке ашып жатканын кошумчалады.