Кеминде жардыргыч зат чыгаруучу завод ачылды

Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Чүй облусундагы Кемин районунда жардыргыч зат чыгаруучу "Учкун ВМ" заводу ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө караганда, анын ачылыш аземине суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышкан.
"Завод тоо-кен тармагында, жер астындагы жана ачык шахталарда колдонулуучу жардыргыч заттарды өндүрөт. Мындай продукция адатта Кумтөр, Жер-Үй, Терек-Сай кендеринде жана Камбар-Ата — 2 ГЭСинде колдонулган. Аны жол жана ирригация долбоорлорунда да пайдалануу каралып жатат", — деди Төрөбаев.
Ишканага 700 миллион сом инвестиция салынган, 100дөн ашык жумуш орду түзүлдү. Эгер жыл сайын продукция пландалган көлөмдө өндүрүлсө, бюджетке 95 миллион сомго жакын салык түшөт.
Оштун Беш-Мойнок айылында асфальт жана таш майдалоочу завод ачылды