Чолпон-Атада 34 жаштагы келин төрөттөн каза болду

Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Бүгүн, 5-сентябрга караган түнү, Чолпон-Атада 34 жаштагы келин төрөттөн каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясы кабарлады. Маалыматта каргаша Ысык-Көл райондук ооруканасынын төрөт үйүндө болгону айтылды.
Тартип сакчылар маркумдун 37 жаштагы жолдошу милицияга арыз менен кайрылганын, азыр сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүлгөнүн билдирди.
ЖМКлардын айтымында, келин кесарево жолу менен уул төрөгөн, ымыркайдын абалы жакшы.
Буга чейин социалдык тармакта келиндин жакындары өлкө башчы Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган видео тараган.
Өз жанын кыйган жоокер. Чек ара кызматынын кенже сержантына иш козголду