Бишкекте бала бакчалардын иш режими өзгөрдү

Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Бишкекте бала бакчалардын иштөө режими өзгөрдү. Бул тууралуу мэриянын Билим берүү башкармалыгы билдирди.
Эскерте кетсек, мурда бала бакчалар эшигин 7:30да ачып, балдарды 18:30га чейин алып кетүүгө мүмкүн болчу.
Эми балдар муниципалдык мектепке чейинки мекемелерде саат 8:00дөн 18:00гө чейин болушат. Министрлер кабинети жаңы мамлекеттик стандартты май айында эле бекиткени такталды.
Соцтармакта саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштеген ата-энелер бул график ыңгайсыз экенин айтып, баланы алуу үчүн саат 18:00гө жетишпей калышарын жазышууда. Буга чейинки стандарт боюнча, бала бакчалар 7:30дан 18:30га чейин иштечү.
Балдарды мектепке, бала бакчага негизсиз албай койгондор жазаланат