БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. ЕАЭБ, ШКУ жана БРИКС уюмдарынын каржы регламенттерин бириктирүү керек. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков Чыгыш экономикалык форумунун сессиясында сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, блокчейн жана санариптик валюталардын негизинде бирдиктүү төлөм тутумун түзүү зарыл. Өнөктөш өлкөлөрдүн каржы мекемелери ортосунда өтүмдүүлүктү камсыздоо үчүн криптоактивдер менен ачык-айкын иштегенге бирдиктүү кепилдик механизмин иштеп чыгуу учурдун талабы болууда.
Новиков дүйнөдөгү каржылык тенденциялардан артта калбай, санарипти колдонуу менен заманбап чакырыктарга жараша активдүү аракетке өтүү маанилүү болуп турганын белгиледи.
"Экономикалык жактан көз карандысыз болуу бизден изденүүнү талап кылууда. Дүйнөлүк төлөм системаларында пайда болгон көйгөйлөр кимдир бирөөгө ишеним артуу ката экенин көрсөттү. Андай учурда бардыгыбыз айла таппай, жол издеп калат экенбиз. Качан гана көйгөй жаралганда аракет кылбастан, азыртадан кам көрүп, санариптик чечимдерге негизделген байланыштын жана кызматташтыктын жаңы багытын табышыбыз керек", — деди РКӨФ башкаруучулугунун төрагасы.
Ал белгилегендей, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөн гана каржылык ортомчу эмес, мамлекет менен бизнестин жана эл аралык өнөктөштөрдүн кызыкчылыгын бириктирген стратегиялык аянтчага айланышы мүмкүн.