БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. АКШ Россия менен чектешкен бир катар Европа өлкөлөрүнө көрсөткөн коопсуздук жаатындагы жүз миллиондогон жардамын азайтат. Бул туурасында РИА Новости Financial Times басылмасына таянып жазды.
"АКШ Россия менен чектешкен европалык мамлекеттердин коопсуздугу жаатындагы каржылоосунун бир бөлүгүн кыскартат. Пентагондун расмий өкүлдөрү өткөн жумада Европа дипломаттарын АКШ мындан ары Чыгыш Европа өлкөлөрүндө аскерлерди машыктыруу жана курал-жарак менен камсыздоо программаларын каржылбай тургандыгы жөнүндө кабардар кылышкан", — деп басылма кырдаалдан кабары бар адистерге таянып жазды.
Белгилегендей, мындай программаларга чыгымды Конгресс бекитиши керек. Ал эми АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы ушул максаттарга көп акча бөлүү боюнча кайрылган эмес. Мурда бекитилген каражат 2026-жылдын сентябрына чейин жеткиликтүү болору айтылды.
"Бул иштер ЕБ өлкөлөрү менен координацияланып, президенттин Европаны коргоо үчүн көбүрөөк жоопкерчиликти өзүнүн мойнуна алуусу керек деген узак мөөнөттүү басымынын негизинде жүргүзүлдү", — деп жазылат маалыматта.
Чечим жүз миллиондогон долларды чапчыган колдоону кыскартары боюнча сөздөр жүрүүдө. Басылманын маалымат булактарынын айтымында, АКШнын чечими Евробиримдик өлкөлөрүн таң калтырып, алар мунун чоо-жайын аныктап, тактоого аракет кылышууда. Европалык расмий бир адамдын пикирине таянсак, бул кадам Европанын байманалуу өлкөлөрү Россия менен чектешкен мамлекеттердин коопсуздугуна көбүрөөк салым кошууга үндөө максатында ташталган.
Аталган чечимдин эпкини истребителдерди, кемелерди, танкаларды сатып алууга демөөрчү болгон чет элдик аскерлерди каржылоо боюнча өзүнчө программага тийген эмес.