6-сентябрга карата аба ырайы

6-сентябрда республиканын тоолуу райондорун ала булут каптайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Ишембиде өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 29…34, Талас өрөөнүндө 24…29, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 30…35, Ысык-Көл жеринде 22…27, Нарын чөлкөмүндө 23…28 градус болот.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында 32…34 градуска жетет.
Күндүн табы кайтып, күздүн илеби сезилет. Сентябрга карата аба ырайы