Кыргызстандын волейбол боюнча XVII чемпионаты жыйынтыкталып, эркектер жана аялдар арасында жогорку жана улуттук лигадагы жеңүүчүлөрү, байгелүү орундардын ээлери аныкталды. Жылдан-жылга волейболдун популярдуулугу артып, чеипионатта ойногон командалардын саны өсүп жатат. Ал эми курама команданы түптөө, эл аралык мелдештерге катышуу, инфратүзүмдү жакшыртуудагы иштер тууралуу Кыргызстандын волейбол федерациясынын вице-президенти Жеңишбек Кызалаков маек курду.