Алмаз Алакунов, Кыргызстандагы айыл чарба топурактарынын абалы жана аларды сактоо маселелери боюнча “Ачык кеп” программасында маек берди. Ал топурактын кунардуулугу — айыл чарба өндүрүшүнүн негизги көрсөткүчү экенин белгиледи. Кыргызстанда топурак күн санап кунарсызданууда, негизги себептери катары химиялык жер семирткичтерди туура эмес колдонуу, анын себептери, жер иштетүүдөгү калпыстык жана эрозияны атады.
Алмаз Алакуновдун айтымында, жер иштетүү маданиятын өркүндөтүү үчүн органикалык жер семирткичтерди колдонуу, нөөмөт менен айдоо, топуракты анализдөө жана эрозияга каршы чараларды көрүү зарыл. Ошондой эле, химиялык жер семирткичтерди оптималдуу колдонуу экологияны коргоого жардам берет. Департаменттин алдына коюлган максат — туруктуу айыл чарба өнүгүүсүн камсыздоо жана топурактын ден-соолугун сактоо.