Рекорддук көрсөткүчкө жеткен помидордун мол түшүмү — Кантип коромжу кылбай туура пайдаланабыз?

Sputnik
Айыл чарба министрлиги Жайыл районунда помидордун түшүмү мол болуп, дүйнөлүк рекорд жаратып жатканын кабарлады. Билдирмеге караганда, Жайыл районунда дыйкандар гектарынан 120 тонна помидор жыйнашууда. Бүгүнкү “Спутниктен сүйлөйбүз" программасында дал ушул өзгөчө көрүнүш жана мол түшүм тууралуу маекьештик. Биздин суроолорубузга Суу ресурстары айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин чечимдерди ишке ашыруу башкармалыгынын жетектөөчү адиси Рахат Каныбекова жооп берди.