Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Мамлекет чет өлкөдөгү дипломатиялык корпустардын кызматкерлери үчүн имараттарды менчикке сатып алуу менен ыңгайлуу шарттарды түзүү ишин улантууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымында, мурда Кыргызстандын элчиликтери жана өкүлчүлүктөрү имараттарды жана кызматкерлер үчүн батирлерди ижарага алып, өлкө бюджети үчүн чоң чыгымдарга алып келген. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Тышкы иштер министрлиги бюджетти үнөмдөө жана дипломаттарга жакшы шарт түзүү максатында имараттарды сатып алуу иштерин активдештирүүдө. 2023-2025-жылдары Венгрия, Франция, Корея, Германия, Россия, АКШ жана Канададагы элчиликтер жана өкүлчүлүктөр өз имараттарын жана кызматтык батирлерин сатып алышты.Аскат Алагөзов белгилегендей, азыр Швейцария жана Австриядагы элчиликтер үчүн имараттарды сатып алуу иштери жүрүп жатат. “Ижара акы айына Европа өлкөлөрүндө 5000-6500 еврога жетет. Эми мамлекет бул имараттарды сатып алуусу менен ижара үчүн акча коротпойт жана менчиктеги имараттарга коротулган каражат бир канча жылда эле өзүн актап коет.,” — деди ал.
Агартуу министрлиги мектептерде акча чогултууга тыюу салынганын эскертти Ошондой эле мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө да болбойт. "Окуучудан же ата-энеден мыйзамсыз акча алынып, моралдык-психологиялык кысым көрсөтүлсө, күнөөлүү тарапка кызматынан бошотууга чейинки тартиптик жаза чаралары колдонулат", — деп жазылган маалыматта. Министрлик 2025-жылы мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдары үчүн чарба жана кеңсе товарларын сатып алууга 205,5 млн сом, ал эми оңдоп-түзөөгө 404,8 млн сом бөлүнгөнүн белгиледи.
Кыргызстандагы эсептик чендин пайызы ЕАЭБдеги эң төмөнкүлөрдүн катарында Кыргызстанда бул көрсөткүч 9,25% деңгээлинде, андан төмөн көрсөткүч учурда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен бир гана Арменияда (6,75%). Эсептик чен — коммерциялык банктарга кредит берүүдөгү пайыздык көрсөткүч. Ал канчалык жогору болсо, кредиттер, депозиттер боюнча пайыздар да ошончолук жогору болот. Эсептик чен инфляцияны басаңдатуу үчүн көтөрүлөт, бирок терс жагы — калк товарларды аз сатып алып, бизнес зыян тартат. Ал эми анын төмөндөшү экономикалык өсүшкө жардам берет, бирок акчанын наркы да төмөндөйт.