БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Дүйнөлүк электрондук соода маанилүү, бирок артыкчылык ЕАЭБдин ички рыногуна берилиши керек. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика жана соода министринин орун басары Султан Ахматов Чыгыш экономикалык форумунун алкагында билдирди.
Ал Sputnik агенттигине берген маегинде биримдиктин өлкөлөрү, анын ичинде Россия менен маркетплейс аркылуу соода кылуунун келечеги жөнүндө пикирин билдирген. Ахматовдун айтымында, былтыр Кыргызстанда электрондук сооданын ички рыногунун көлөмү 359 миллион долларды түзгөн.
"Бул көрсөткүч өлкөнүн чекене товар жүгүртүүсүнүн 7 пайызын түзөт. Ал эми Россия менен болгон жалпы сооданын 10 пайызына туура келет. Мында Wildberries, Ozon сыяктуу онлайн соода аянтчаларынын салымы чоң", — деп белгилеген министрдин орун басары.
Ал онлайн-сооданы өнүктүрүүдө Кытайдын маркетплейстери активдүү оюнчулар экенине токтолуп, ал эми ЕАЭБ алкагында биримдиктин компаниялары аркылуу онлайн-сооданы өнүктүрүү зарылчылыгын кошумчалаган.
Мындан тышкары, логистиканы өнүктүрүү зарыл экенин, Кыргызстанда 2030-жылга чейин аймактык хаб түзүү, товар сактай турган кампа жана логистикалык борборлорду куруу артыкчылыктуу багыт катары аныкталганын айтты.
"Кыргызстан аркылуу өтө турган темир жол долбоору бизде эле эмес, жалпы Борбор Азияда да сооданы өнүктүрүүгө салым кошот. Бул багыттагы кызматташуу жемиштүү болмок", — деди Ахматов.