Кыргызстан экономикалык өсүш боюнча ЕАЭБде биринчи орунга чыгып, ИДПнын көлөмү 11 пайызга жогорулаганы бекеринен эмес. Өндүрүлгөн продукция негизинен ЕАЭБ өлкөлөрүнө чыгап жатат. Бул тууралуу Кубанычбек Чекиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, коопсуздук, эл аралык мамилелер жаатында ЖККУ, ШКУ уюмдары жакшы натыйжа көрсөттү.
"Кыргызстан өзү мүчө болгон ар бир уюмда ордун таап, позициясын ачык айтып, тышкы байланыштарды бекемдеп жатат. Мисалы, экономикалык өсүш боюнча ЕАЭБде биринчи орунга чыгып, ИДПнын көлөмү 11 пайызга жогорулаганы бекеринен эмес. Анткени өндүрүлгөн продукция негизинен ЕАЭБ өлкөлөрүнө чыгып жатат. Жеңил өнөр жай, айыл чарба жаатында бул уюм менен тыгыз иштешип жатабыз. Ошол эле эмгек мигранттарына түзүлгөн шарттарды айтууга болот, алардын кыргыз экономикасындагы өз орду бар. Ал эми коопсуздук жаатында ЖККУнун кепилдиктерине ээ болуп, машыгууларды өткөрүп, аскердик техникаларды алып жатабыз", — деди Чекиров.
Ошондой эле ал Кытай жана башка үчүнчү өлкөлөр менен да соода жүгүртүү көлөмүн өстүрүүгө басым жасалып жатканын кошумчалады.