РФ ТИМи: Украинаны калыбына келтирүүгө эч бир каражат жетпейт

Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Тамыры тереңге кеткен коррупция менен тыштан келген жардамдын уурдалып жатышынан улам Украинаны калыбына келтирүү дээрлик мүмкүн эмес. Бул тууралуу Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Чыгыш экономикалык форумунун алкагында өткөн брифингде билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, буга чейин Владимир Зеленский "коопсуздук кепилдиктери" тууралуу кеп кылып жатып Киевге тоңдурулган россиялык активдерди берүүнү талап кылган.
"Украинадагы коррупция менен тамырлап кеткен уурулукту эске алсак, өлкөнү калыбына келтирүүгө эч бир каражат жетпейт. Ал жакка келген гуманитардык жардам да, аскердик колдоо да уурдалууда", — деген Захарова.
ТИМ өкүлүнүн айтымында, Украинага донор болгон мамлекеттер ушу тапта көрсөткөн көмөгүнүн пайдаланылышы боюнча отчет бердире албай убара тартышууда.
"Эми Украинаны калыбына келтирүүгө бөлүнгөн акчанын эмне болорун элестетип көргүлө", — деген Захарова.
Белгилей кетсек, Владивостокто кечээ башталган Х Чыгыш экономикалык форуму 6-сентябрда аяктайт. Ал Ырааккы Чыгыш федералдык университетинин кампусунда "Ырааккы Чыгыш — тынчтык жана гүлдөп-өсүү үчүн кызматташтык" деген уран алдында өтүүдө.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Акча соро берген саз". Вэнс Байдендин тушундагы Украинаны сүрөттөрдү